2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул ЭАЖММге келди. Медициналык окутуунун сапатын жогорулатуу жана студенттердин кесиптик чеберчилигин баалоо үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган Клиникалык симуляциялык борборунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. ЭАЖММдин Клиникалык симуляциялык борбору студенттерге практикалык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, алардын негизги клиникалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана объективдүү түзүлгөн клиникалык сынакка (ОСКЭ) даярданууга шарт түзөт.
Иш сапарда Министрдин орун басары ЭАЖММдин медициналык кадрларды даярдоодо алдыңкы билим берүү ыкмаларын жана инновациялык технологияларды киргизүүгө умтулуусун жана жогорку окуу жайда медицина адистерин даярдоодогу салымын жогору баалап, практикалык сабактарда кесиптик компетенттүүлүктөрүн жогорулатууда маанилүүлүгүн баса белгиледи.
ЭАЖММдин клиникалык симуляциялык борбору студенттерди эл аралык саламаттыкты сактоо стандарттарына шайкеш даярдоого жана алардын кесиптик чөйрөгө ийгиликтүү интеграцияланышын улантууда.