Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган ЭАЖММдеги жыл сайын өткөрүлүүчү VIII «Медицина илими жана билим берүү тармагындагы инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

Жаңылыктар
2025-жылдын 5-ноябрында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен бирдикте эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

«Медицина тармагындагы мамлекеттик тилди окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу секциясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Казакстан Республикасынын М. Тынышпаев атын. ALT университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, И.К. Ахунбаев атын. КММА, К.Карасаев атын. БМУ, Эл аралык Ала-Тоо университети, «Delfi Training» билим берүү борбору, ЭАЖММдин борбордук жана Ысык-Көл кампусунун окутуучу-профессорлору, Кыргыз Викимедия жамаатынын негиздөөчүлөрү, “Тилимпоз коомдук долбоорунун” негиздөөчүлөрү катышышты. Чет элдик студенттерге жана жергиликтүү студенттерге кыргыз тилин, орус тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөрү, дүйнөлүк эпосторду салыштырып окутуу, заманбап технологияларды, интерактивдүү усулдарды колдонуу, чет элдик студенттерди адаптациялоодогу усулдар, Википедияны колдонуунун жолдору, жасалма акылдын артыкчылыктары, жетишкендиктери, кемчиликтери, келечеги тууралуу сурамжылоолор, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча баяндамалар жасалды. Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлер берилди.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар медицина тармагындагы мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатууга жана инновациялык ыкмаларды кеңири колдонууга багытталган биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.