Терапия кафедрасы «Ден соолукка карай чуркайбыз!» марафонун өткөрдү
2026-жылдын 10-октябрындаЭл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) терапия кафедрасы 6- жана 7-семестрлердин студенттери арасында «Ден соолукка карай чуркайбыз!» урааны алдында марафон уюштурду.
Иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбиялык активдүүлүктү жогорулатуу жана студенттер менен окутуучулардын ортосунда командалык духту бекемдөө болду.
Марафонго 35 студент, ошондой эле кафедранын окутуучулары Кудайбергенова Н.Т., Князева В.Г., Долгалев Д.В., Алыкулова А.А., Леонтьева Н.С., Молдоева С.Ж., Ирсалиева М.А., Сулайманова Н.Б., Максуталы у К. жана Тойгонбаева Б.Т. катышты.
Иш-чара студенттер менен окутуучуларды бириктирип, үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүктүн, ден соолукка кам көрүүнүн жана активдүү жашоо образын кармануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Марафондун жыйынтыгында студенттер медалдар жана сертификаттар менен сыйланышты.