Жаңылыктар

«Клиникалык көндүмдөр – 2026» олимпиадасы

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) «Hippocratic Hustlers» командасы Бишкек шаарында 20–22-апрелде өткөн «Medical Skills – 2026» эл аралык студенттик олимпиадасында 3-орунду ээледи.

Илимий жетекчи — медицина илимдеринин доктору, терапия кафедрасынын башчысы Кудайбергенова Назира Төрөбаевна.

Medical Skills олимпиадасы ар түрдүү университеттерден келген медициналык студенттерди бириктирип, клиникалык билим деңгээлин, практикалык көндүмдөрдү жана кесиптик өнүгүүнү жогорулатууга багытталган.

Сынак үч этаптан турду:
• Теориялык этап — тесттер, клиникалык тапшырмалар жана кырдаалдык кейстер аркылуу билимди текшерүү.

• Практикалык этап — ар түрдүү медициналык багыттар боюнча симуляциялык станцияларда тапшырмаларды аткаруу.

• Жыйынтыктоочу этап жана сыйлоо аземи

Катышуучулар терапия, хирургия, педиатрия, неврология, жугуштуу оорулар жана башка багыттар боюнча күч сынашып, өздөрүнүн теориялык билимдерин гана эмес, реалдуу шарттарда клиникалык чечим кабыл алуу көндүмдөрүн да көрсөтүштү.

Бул жетишкендик команданын максаттуулугун, командалык иш жөндөмүн жана кесиптик мыктылыкка болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт.

«Hippocratic Hustlers» командасын жана алардын илимий жетекчисин бул чоң жетишкендиги менен куттуктайбыз!
Жаңылыктар Терапия кафедрасы