2026-жылдын 3-февралында Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭЖММ) терапия кафедрасынын кызматкерлери университеттин социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында Бишкек шаарындагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн интернат-үйүнө барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЭЖММдин дарыгерлери жогорку квалификациядагы медициналык консультациялык жардам көрсөтүштү. Жалпы 35 бейтап текшерүүдөн өтүп, алардын ден соолугунун жалпы абалы бааланып, учурдагы дарылоо схемалары оңдолуп, жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо максатында электрокардиография (ЭКГ) жүргүзүлдү.
Медициналык кароо ЭЖММдин терапия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Кудайбергенова Назира Торобаевнанын жетекчилиги алдында өтүп, кафедранын ассистенттери Мамаева С.Д., Леонтьева Н.С., Ирсалиева М.А. жана Максутали уулу К. катышышты.
Мындай көчмө иш-чаралар ЭЖММдин адистерине клиникалык тажрыйбасын практикада колдонууга жана коомдук саламаттык сактоого реалдуу салым кошууга мүмкүнчүлүк түзөт.