Жаңылыктар

ЭАЖММ өкүлдөрү EuroPCR 2026 эл аралык конгрессине катышты

2026-жылдын 19–22-май күндөрү Франциянын Париж шаарында интервенциялык кардиология жаатындагы дүйнөдөгү алдыңкы иш-чаралардын бири болгон EuroPCR 2026 эл аралык конгресси болуп өттү. Конгресске 12 000ден ашуун катышуучу жана 1 000ден ашык эл аралык эксперттер катышты.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин “Vedanta” медициналык клиникасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы, ЭАЖММдин кардиохирургия жана радиология кафедрасынын ассистенти Максутов Чыңгыз Жыргалбекович жана «Кардиоцентр» медициналык клиникасынын интервенциялык кардиологу Осмоналиев Кайрат кирди.

Конгресстин алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү Франция, Армения жана Кыргызстандын ортосундагы кальцийленген коронардык артерияларды дарылоо боюнча эл аралык кызматташууга катышышты. Ошондой эле Максутов Чыңгыз Жыргалбекович коронардык артериялардагы кальцийди модификациялоонун заманбап ыкмаларына арналган илимий сессияда модератор катары катышты.

EuroPCR конгрессинин Digital Hub секциясында ЭАЖММдин “Vedanta” медициналык клиникасынын Ч.Ж. Максутов, Д.У. Малаев жана А.Ш. Мидинов тарабынан даярдалган клиникалык учуру сунушталды. Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу EuroPCR аянтчасында ата мекендик адистердин өзүнүн clinical case report иши сунушталды.

Мындан тышкары, EuroPCR жетекчилиги жана улуттук кардиологиялык ассоциациялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында EuroPCR Seminars билим берүү иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

ЭАЖММ өкүлдөрүнүн EuroPCR 2026 конгрессине катышуусу университеттин кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин жана эл аралык медициналык жана илимий коомчулукка активдүү интеграцияланып жатканын тастыктайт.
Жаңылыктар Кардиохирургия жана радиология кафедрасы