Бебезов Ильхом Хакимович
Кафедра башчысы
Кардиохирургия жана радиология кафедрасы — Кыргызстандагы алгачкы кафедра болуп саналат, анда заманбап медицинанын эң маанилүү эки тармагы бириктирилген. Бул багыттар терең билимди гана эмес, жогорку жоопкерчиликти, тактыкты жана мыктылыкка умтулуучу туруктуу аракетти талап кылат.
Биздин кафедрада сиз жүрөк-кан тамыр ооруларынын заманбап диагностикалык жана дарылоочу ыкмаларын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз, аз инвазивдүү жана хирургиялык терапиянын принциптери менен таанышасыз, ошондой эле далилдүү медицинага негизделген клиникалык чечимдерди кабыл алууну үйрөнөсүз.
Кафедрабыздын жамааты — бул өз тажрыйбасын, билимин жана шыктануу сезимин бөлүшүүгө даяр болгон тажрыйбалуу окутуучулар жана практик дарыгерлер. Биз студенттердин илимий демилгелерин, конференцияларга катышуусун жана кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуулугун колдойбуз.
Биз ишенебиз — кардиохирургия менен радиологиянын келечеги дал сиздерсиздер!