Биздин вазийпа жана кѳз-караштар
Кыргызча
Сапат жаатындагы саясат
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (мындан ары — ЭАЖММ) чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жогорку медициналык билим берүү тармагында төмөнкү багыттар боюнча кызмат көрсөткөн уюм болуп саналат:
• Орто кесиптик билим берүү;
• Жогорку кесиптик билим берүү (адистик, магистратура);
• ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү;
• Кошумча билим берүүнүн кыска мөөнөттүү программалары.

ЭАЖММдин вазийпасы
Эл аралык жогорку медициналык мектеби эң жогорку этикалык стандарттарды айкалыштырып, далилдүү медицинаны колдонуу менен бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоочу, илимий-изилдөөлөрдө мыктылыгын көрсөтүүчү студенттерди окутуу менен саламаттык сактоо, илим тармагында компетенттүү адистерди даярдап, жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулукка кызмат кылат.

ЭАЖММдин өнүгүү стратегиялык программасы ишмердүүлүктүн 6 стратегиялык багытын аныктайт:
1. Билим берүүдөгү ишмердүүлүк.
2. Илимий-изилдөөдөгү ишмердүүлүк.
3. Уюмду башкарууну.
4. Инфраструктура жана өндүрүштүк чөйрө.
5. Эл аралык ишмердүүлүк.
6. Социалдык жоопкерчилик.

Биз өз ишибизде бардык кызыкдар тараптар менен өз ара пайдалуу кызматташуу принциптерин жетекчиликке алабыз.

Сапатты башкаруу системабыз уюмдун тышкы жана ички чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө оперативдүү жооп берүүгө багытталган.

ЭАЖММдин ишмердүүлүгүндө үзгүлтүксүз жакшыртуу негизги принциптеринин бири болуп саналат. Эл аралык ИСО 9001:2015 стандартынын талаптарына ылайык сапатты башкаруу системасын киргизүү жана үзгүлтүксүз жакшыртуу биз көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуунун негизги куралы болуп саналат.

Биздин кызматкерлер – өз ишинин сапатына жоопкерчиликтүү болгон жогорку деңгээлдеги адистер. Биз уюмдун бардык кызматкерлери сапатты башкаруу системасынын принциптерин бөлүшүп, аны түзүү процессине катышып, өз ишинин максаттарын так түшүнүп, натыйжасын көрүп жана ага таасир эте алышына умтулабыз. Ар бир кызматкердин пикири маанилүү жана сапатты башкаруу системасынын ишинде эске алынат.

Бул саясатты ишке ашыруу, аны уюм ичинде жайылтуу, ошондой эле кызматкерлерде аны аткарууга мотивацияны калыптандыруу үчүн жоопкерчиликти ЭАЖММдин жетекчилиги, атап айтканда Ректор өзүнө алат.
Вазийпа
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби эң жогорку этикалык стандарттарды айкалыштырып, далилдүү медицинаны колдонуу менен бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоочу, илимий-изилдөөлөрдө мыктылыгын көрсөтүүчү студенттерди окутуу менен саламаттык сактоо, илим тармагында компетенттүү адистерди даярдап, жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулукка кызмат кылат
Биздин кѳз караштар
ЭAЖММ Азиядагы медициналык билим берүүдѳ алдыңкы катарда болушат. Коомчулукка кызмат кылууга жана бейтаптардын кызыкчылыктарын жогору коюп, адилеттүүлүк жана жогорку медициналык жардам берүү принциптерин жетекчиликке алуу менен инновациялык усулдарды жана изилдѳѳлѳрдү колдонуп, кесипкѳйлүүлүгүн дайыма арттыруу менен биздин студенттер, окутуучулар жана бүтүрүүчүлѳр биринчиликте болушат.
Максаттар
  • Студенттерди саламаттык сактоо жана медицинанын бардык тармагы боюнча кесипкѳй кылып даярдоо.
  • Жергиликтүү жана дүйнѳлүк коомчулуктун зарылчылыктары менен кабардар болуу менен кайрымдуулукка дилгир болуу.
  • Бейтаптардын укуктарын сактоо жана бардыгына тең медициналык жардам алуу прициптерин тутуу.
  • Кесипке берилгендикти жана баштоолорду демилгелѳѳ
Байланыш формасы
Миссиябызды жана көз карашыбызды, эл аралык кызматташтыкты жана коомчулуктун демилгелерин жакшыртууга жардам берүү үчүн пикирлериңиз, идеяларыңыз жана сунуштарыңыз менен бөлүшүңүз.