Жаңылыктар
Терапия кафедрасы Жаңылыктар

Терапиядагы практикалык көндүмдөр боюнча семинар

2024-жылдын 29-ноябрында терапия кафедрасында Практикалык көндүмдөр терапияда” деп аталган иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара бейтаптарды физикалык текшерүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Иш-чарага 6-, 7- жана 8-семестрдин студенттери катышты. Алгач окутуучулар бейтаптарды физикалык текшерүүнүн ыкмаларын (жүрөк менен өпкөнү пальпация, перкуссия жана аускультация, боор, көк боор жана бөйрөктү перкуссия жана пальпация) жүргүзүү боюнча мастер-класс өткөрүштү. Андан кийин ар бир команда өз кезеги менен практикалык көндүмдөрдү түшүндүрүп, көрсөтүп, калган катышуучулар алардын артынан кайталап, ар ким өз алдынча аткара алганга жетишти. Мындай окутуу форматы студенттер үчүн эң маалыматтуу, натыйжалуу жана кызыктуу болду.