Жаңылыктар
Терапия кафедрасы Жаңылыктар

ЭАЖММ Ысык-Көл кампусу, Кыргызстандын маданиятын жана тарыхын белгилейт

2024-жылдын 12-декабрында Ысык-Көл кампусунда ТЕРАПИЯ КАФЕДРАСЫ тарабынан Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгын жана мамлекеттик тилдин 35-жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында концерт уюштурулду жана бул иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнө арналды. Концерттин башталышында облустун түптөлүшү тууралуу жана Ч.Т.Айтматовдун өмүр баяны менен чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалымат берилип өттү. Концертке Ысык-Көл кампусунун студенттери катышып, кыргыз тилиндеги ырларды аткарышты: Шейх Асрар, Тежасвини, Тушар ж.б. Терапия кафедрасынын башчысы Кудайбергенова Н.Т. комузда Карамолдо Орозовдун «Кара-Өзгөй» жана Атай Огомбаевдин «Маш ботой» чыгармаларын аткарып берди. Концертти уюштурууда Гуманитардык сабактар кафедрасынын мугалимдери Төлөгөнова Н.Б жана Айдаралиева Э.Т чон жардам көрсөтүштү. Бул иш-чара чет элдик студенттерди кыргыз элинин маданияты менен тааныштыруу максатын көздөдү жана бул биздин элдерибиздин ортосундагы интеграцияны, ынтымакты жана түшүнүүнү күчөтөорү байкалды.