Жаңылыктар
Жаңылыктар Терапия кафедрасы

Олимпиада ЭАЖММнин Ысык-Көл кампусунда

2024-жылдын 13-декабрында Терапия Кафедрасы, ЭАЖММнин Ысык-Көл кампусунда 7-семестрдин студенттери үчүн Кардиохирургия жана Радиология кафедрасы менен чогуу олимпиада өткөрдү. Олимпиада ото жогорку денгээлде ѳткѳрүлүп, жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөк жетишсиздиги (ЖЖ), электрокардиографиялык өзгөрүүлөр боюнча маселелер каралып, кардиохирургиялык операциялар: коронардык интервенция (КИ) жана шунт коюу (ШК) боюнча презентациялары тартууланды.

Студенттер олимпиадага толук жоопкерчилик менен даярданышып, жүрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды көрсөтүштү жана ошондой эле атайын аспаптардын (интродюсер, скальпель, катетер, венага инфузиялык системалар, ийнелер жана башкалар) жардамы менен КИ жана ШКны жасоо ыкмаларын манекендерде көрсөтүшту. Калыстар тобун жогорку квалификациялуу адистер: Чодоева Т.А., Данияров Б.С., Асакеев Н.А., Асакеева К.Ж., Илипаева Г.И түзүштү. Олимпиаданын модератору жана уюштуруучусу терапия кафедрасынын башчысы, Кудайбергенова Н.Т. болду. Окуучулар баалуу белектер менен сыйланышып, жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.