Жаңылыктар

ЭАЖММдин адистери Алмалуу айылында акысыз медициналык консультация өткөрүштү

2025-жылдын 15-16-февралында медициналык адистердин тобу Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургундары үчүн акысыз көчмө консультация өткөрүштү.

Демилгеге жалпы практикалык дарыгер, кардиолог, педиатр, гинеколог, уролог, невропатолог, отоларинголог, окулист, ошондой эле тиш доктур сыяктуу түрдүү тармактагы дарыгерлер катышты. Консультациянын алкагында адистер жергиликтүү калкты комплекстүү медициналык диагностика менен камсыз кылып, ички органдарды УЗИден текшеришти.

Иш-чара Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) терапия кафедрасынын башчысы, м.и.д, профессор Н.Т. Кудайбергенованын жетекчилиги менен уюштурулду. Ишке 7-семестрдин студенттери да катышып, дарыгерлерге жигердүү жардам берип, баалуу практикалык тажрыйбага ээ болуу менен аймактагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө салымын кошушту. Эки күндүн ичинде 105ке жакын бейтап медициналык консультация алды, ал эми 90 кичине балдарга кеңеш берилип жана ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жергиликтүү тургундар мындай акция үчүн ыраазычылыктарын билдирип, айыл жергесинде медициналык демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Көптөгөн бейтаптар башка аймактарга баруунун зарылдыгы жок адистештирилген жардам алуу маанилүү экенин белгилешти.
Жаңылыктар Терапия кафедрасы