Кыргызча
Кош дипломдуу билим берүү
Батыш Саксония колдонмо илимдер университети менен биргеликте Эл аралык жогорку медицина мектеби «Саламаттык сактоодогу менеджмент» багыты боюнча магистрлерди даярдоого арналган кош дипломдуу билим берүү программасын ишке ашырууда.

Өнөктөштүктүналкагында 1+1 принцибине негизделген, саламаттык сактоо тармагында башкаруучу кадрларды даярдоонун заманбап эл аралык талаптарын чагылдырган биргелешкен окуу планы (СОП) иштелип чыгып, макулдашылды. Программа медициналык уюмдарды башкаруу, стратегиялык пландоо, саламаттык сактоо экономикасы жана медицинадагы санариптик чечимдер жаатында кесиптик компетенцияларды калыптандырууга багытталган.

Кызматташтыкжумушчу жолугушуулардын жана академиялык талкуулардын сериясы аркылуу активдүү өнүгүп келди. 2024-2025-жылдары ЭАЖММде WHZ өкүлдөрүнүн — Проф. Том Шааль, Проф. Кристиан Браувайлер жана Проф. Штефан Новак катышуусунда жолугушуулар өтүп, анда программанын түзүмү, академиялык мазмуну жана кош диплом программасын ишке ашыруу механизмдери деталдуу иштелип чыкты.

2025-жылдын ноябрь айында ЭАЖММнин делегациясы ректор Проф. М. Ахунбаев жетектеген курамда, окуу-тарбия иштери боюнча проректор Проф. А. А. Усенованын жана дипломдон кийинки билим берүү факультетинин деканы А. Е. Бажанованын катышуусунда WHZге расмий сапар менен барды. Сапардын алкагында университеттин жетекчилиги менен, анын ичинде ректор Проф. Штефан Кассель, декан Проф. Том Шааль жана Эл аралык бөлүмдүн жетекчиси Бетина Spring менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында кош диплом программасын ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюлду. Бул өнөктөштүктү институционалдаштыруунун маанилүү баскычы болуп, тараптардын узак мөөнөттүү академиялык кызматташууга болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктады.

Бул программанын ишке ашырылышы студенттерге эл аралык академиялык чөйрөдө билим алуу, эки дипломго ээ болуу жана саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык эмгек рыногунда атаандаштык артыкчылыктарга жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет.
EVENTS