Эл аралык жугуштуу ооруулар боюнча студенттер олимпиадасы
«Challenges 4 Id»

Өткөрүү датасы: 16-апрель, 2026-жыл
Өткөрүү жери: Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ), Стартап-офис, 2-кабат
Дарек: Интергельпо к., 1Ф
Жооптуу адам: Г. Ш. Закирова / Инфекциондук оорулар кафедрасынын ассистенти, ЭАЖММ
E-mail: zakirovagulkaiyr@gmail.com
Жалпы маалымат
Олимпиада — медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өтүүчү эл аралык командалык интеллектуалдык-практикалык мелдеш.

Катышуу форматы: командалык (командада 5 адам)
Иш-чаранын узактыгы: 4 саат
Олимпиаданын максаты —жугуштуу оорулар боюнча теоретикалык билим деңгээлин, клиникалык ой жүгүртүүнү, дифференциалдык диагноз коюу көндүмдөрүн жана командалык иштөө жөндөмдүүлүгүн баалоо.

Олимпиаданын программасы

Убакыт

Этап

09:00–09:15

Олимпиаданы ачуу

09:15–10:00

Этап 1. «Саламдашуу» конкурсу

10:00–10:30

Этап 2. Блиц-сурамжылоо

10:35–11:15

Этап 3. Клиникалык кейстер

11:20–12:00

Этап 4. Жугуштуу ооруларды диагностикалоо

12:00–12:30

Кофе-брейк

12:30–13:00

Жыйынтыктоо жана сыйлыктарды тапшыруу


Командаларга талаптар
• Командада 5 адам болушу абзел
• Катышуучулар медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери болушу шарт
• Команданын аты жана логотиби болушу шарт

«Саламдашуу» этапына талаптар
Ар бир команда төмөнкүлөрдү сунуштайт:
• Команданын атын, концепциясын коргоо
• Логотипти презентациялоо
• Креативдүү чыгарма (performance) — 5 мүнөткө чейин
• Видео материалдарды колдонууга уруксат берилет (видео узактыгы — 3 мүнөткө чейин)
Баалоо критерийлери: креативдүүлүк, мазмундуулук, командалык макулдашуу жана кесипкөйлүк багыты.

Олимпиаданын тематикалык багыттары
Олимпиада төмөнкү инфекциондук оорулар боюнча суроолорду камтыйт:
  • Ич келте (брюшной тиф)
  • Тамак-аштан улануу (пищевые токсикоинфекции)
  • Ботулизм
  • Сальмонеллез
  • Шигеллез
  • Амебиаз
  • Холера
  • Вирустук гепатиттер
  • Малярия
  • Менингококк инфекциясы
  • Кене энцефалити
  • Дене лихорадкасы
  • Эбола лихорадкасы
  • Кызамык
  • Нипах вирусу
  • Чечек (ветряная оспа)
  • Скарлатина
  • Дифтерия
  • Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (АИВ) 
  • Сибирь жарасы
Команданы каттоо формасы