Долбоордун номери: 101236535 D-TIDE-KG — ERASMUS-EDU-2025-CBHEИшке ашыруу мөөнөтү: 01.11.2025 – 01.11.2028Долбоордун негизги максаттары«Кыргызстанда докторлук билим берүүнүн санариптик трансформациялоо» (D-TIDE-KG) долбоору санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу сапаттуу докторлук билимге тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселени чечүүгө багытталган. Долбоор мурунку демилгелердин жыйынтыктарына таянып, PhD программаларын санариптештирүүгө, алыскы аймактарды тартуу аркылуу инклюзивдүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандагы жогорку билим берүү системасын башкарууда системалык өзгөрүүлөрдү киргизүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (КР ББИМ) активдүү катышуусу менен долбоор докторлук билим берүүнү Жогорку билим берүүнүн Европалык мейкиндигинин (EHEA) стандарттарына шайкеш келтирүүгө жана туруктуу узак мөөнөттүү натыйжаларды камсыз кылууга багытталган.
Долбоордун негизги максаттары- Санариптик трансформация — PhD программаларын түзүү жана пилоттук негизде ишке киргизүү үчүн IT-платформаны иштеп чыгуу аркылуу алыскы аймактардагы жарандар үчүн докторлук билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
- Докторлук программаларды шайкеш келтирүү — Жогорку билим берүүнүн Европалык мейкиндигинин жана Болон процессинин стандарттарына ылайыкташтыруу аркылуу алардын эл аралык таанылышын жогорулатуу.
- Потенциалды жогорулатуу — академиялык жана административдик кызматкерлерди санариптик компетенциялар жана билим берүү программаларын башкаруу боюнча окутуу аркылуу докторлук билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
- Өнөктөштүктү өнүктүрүү — кыргыз жана европалык мекемелердин ортосунда ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана билим алмашуу үчүн кызматташтыкты кеңейтүү.
- Башкаруу системасын бекемдөө — санариптик докторлук билим берүүнү билим берүүнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына интеграциялоо.
Консорциум№ | Уюмдун аталышы | Өлкө |
1 | Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) | Кыргызстан, координатор |
2 | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) | Кыргызстан |
3 | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) | Кыргызстан |
4 | Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) | Кыргызстан |
5 | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) | Кыргызстан |
6 | К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (ЫМУ) | Кыргызстан |
7 | С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (НМУ) | Кыргызстан |
8 | Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети (КРЭУ) | Кыргызстан |
9 | «Европалык документация борбору» коомдук фонду (EDC) | Кыргызстан |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргызстан |
11 | Гамбург колдонмо илимдер университети (HAW Hamburg) | Германия |
12 | Вильнюс университети (Vilniaus Universitetas) | Литва |