Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди 2026-жылдын
16–18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өтө турган «Жугуштуу оорулар жана тамак-аш коопсуздугунун заманбап чакырыктары: илимдин, клиникалык практиканын жана өнөктөштүктүн интеграциясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз.
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ),
Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
Конференцияны өткөрүү форматыСтуденттер жана жаш окумуштуулар үчүн билим берүү жана илимий иш-чаралар
2026-жылдын 16-апрелинде ЭАЖММ базасында өткөрүлөт.
Дарек: Интергельпо көч., 1Ф (Конференц-зал жана Стартап-офис).
Эл аралык илимий-практикалык конференция жана практикага багытталган иш-чаралар2026-жылдын 17–18-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы КММА базасында өтөт.
Дарек: Ахунбаев көч., 92.
Конференциянын максатыЖугуштуу оорулар жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы иштеген окумуштуулар, клиницисттер, коомдук саламаттык сактоо адистери жана эл аралык эксперттер ортосунда билим, илимий жыйынтыктар жана практикалык тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык кесиптик аянтчаны түзүү.
Конференция жугуштуу оорулар, тропикалык жана паразиттик оорулардын актуалдуу көйгөйлөрүн чек аралык тобокелдиктердин, калктын глобалдык мобилдүүлүгүнүн жана биологиялык коопсуздуктун заманбап чакырыктарынын контекстинде талкуулоого багытталган. Илимий изилдөөлөр менен клиникалык практиканы интеграциялоого, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системаларынын биологиялык коркунучтарга даярдыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.
КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ИЛИМИЙ БАГЫТТАРЫЖугуштуу оорулардын коопсуздугу:- Глобалдашуу жана регионалдык мобилдүүлүк шартындагы жугуштуу оорулардын коопсуздугу (чек аралык биологиялык коркунучтар, миграциянын, туризмдин жана климаттык өзгөрүүлөрдүн инфекциялардын жайылышына тийгизген таасири, эпидкөзөмөл тармагындагы эл аралык жана регионалдык кызматташтык)
- Курч жугуштуу оорулар, анын ичинде ичеги-карын жугуштуу оорулар
- (эпидемиологиясы, клиникасы, алдын алуу жана эпидемиялык чыгууларга ыкчам жооп кайтаруу)
- Жаңы жана сырттан кирген жугуштуу оорулар
- (арбовирустук жугуштуу оорулар, безгек жана башка трансмиссивдүү оорулар, интродукция коркунучтарын баалоо жана алдын алуу чаралары)
- Вирустук гепатиттер жугуштуу оорулардын коопсуздугунун актуалдуу маселеси катары (эпидемиологиялык тенденциялар, диагностика, дарылоо жана алдын алуунун заманбап ыкмалары, клиникалык протоколдорду талкуулоо жана ишке киргизүү)
- Антимикробдук туруктуулук – глобалдык жана регионалдык чакырык
- (мониторинг системалары, антимикробдук препараттарды рационалдуу колдонуу, тармактар аралык жана эл аралык каршы күрөш стратегиялары)
- Жугуштуу ооруларды диагностикалоонун заманбап клиникалык-лабораториялык ыкмалары (молекулярдык-генетикалык жана геномдук технологиялар, лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын камсыздоо)
- Жугушттуу оорулардын алдын алуу жана жугуштуу ооруларды контролдоо
- (вакциналык алдын алуу, химиялык алдын алуу, жугуштуу ооруларды контролдоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык)
- Тамак-аш коопсуздугу
Тамак-аш коопсуздугу:- Тамак-аш коопсуздугу коомдук саламаттык сактоонун фактору катары
- (тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоонун илимий жана практикалык ыкмалары, санитардык көзөмөл жана тамак-аш коркунучтарын башкаруу)
- Рационалдуу тамактануу жана алиментардык көз каранды оорулардын алдын алуу
- (тең салмактуу тамактануунун микронутриент жетишсиздигин, семирүүнү жана метаболизмдик ооруларды алдын алууда ролу)
- Калктын аярлуу топторунун азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануусу
- (балдарга, кош бойлуу аялдарга жана социалдык жактан алсыз топторго тийгизген таасири)
- Тамак-аш продукциясынын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө
- (лабораториялык жана эпидемиологиялык көзөмөл, “өндүрүштөн керектөөгө чейин” коопсуздук системалары)
- Тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу системасындагы тармактар аралык кызматташтык
Максаттуу аудиторияИнфекционист дарыгерлер, эпидемиологдор, гастроэнтерологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, педиатрлар, иммунологдор, лабораториялык диагностика адистери, илимий кызматкерлер жана медициналык ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук саламаттык сактоо адистери, жаш окумуштуулар жана студенттер.
Катышуу формалары- оозеки баяндама
- постердик баяндама
- жаш окумуштуулардын конкурсуна катышуу
- мастер-класстарга катышуу
- угармандын катышуусу
Катышуучуларды каттоо үчүн шилтеме:
https://ism.edu.kg/international-scientific-and-practical-conference(Долбоор, 30.01.2026)
КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ПРОГРАММАСЫ
Студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн билим берүү жана илимий иш-чаралар1-күн — 16-апрель 2026-жылӨткөрүү жери: ЭАЖММ, Конференц-зал жана Стартап-офис
Жооптуу кызматкер: ЭАЖММ жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенти
Закирова Г.Ш.
📧
zakirovagulkaiyr@gmail.com - оозеки жана постердик баяндамалар
- илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көрсөтүү
- жаш адистердин илимий активдүүлүгүн колдоо
- эксперттик калыстар тобу тарабынан баалоо жана сыйлоо
Жугуштуу оорулар боюнча студенттик олимпиада7–10-семестрдин студенттери үчүн командалык интеллектуалдык-практикалык таймаш ( команда 5–7 адамдан).
Илимий-практикалык конференция2-күн — 17-апрель 2026-жылӨткөрүү жери: И.К. Ахунбаев атындагы КММА
Жооптуу кызматкер: ЭАЖММ жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти м.а. Джангазиева А.А.
📧
adzhangazieva@list.ru - конференциянын расмий ачылышы
- пленардык отурум
- ата мекендик жана чет өлкөлүк адистердин баяндамалары
- конференциянын негизги багыттары боюнча секциялык отурумдар
Практикага багытталган иш-чаралар3-күн — 18-апрель 2026-жылӨткөрүү жери: И.К. Ахунбаев атындагы КММА
Жооптуу кызматкер: ЭАЖММ жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы
Кутманова А.З.
📧
kutmanova@yahoo.com - жугуштуу оорулар жана тамак-аш коопсуздугу боюнча мастер-класстар
- клиникалык учурларды талдоо, диагностикалык, дарылоо жана алдын алуу алгоритмдери
- вирустук гепатиттер боюнча клиникалык протоколдор боюнча эксперттик талкуу
Өткөрүү форматыАралаш формат: офлайн жана онлайн.
Расмий тилдер: кыргыз, орус, англис.
Каржылык шарттарКатышуучулардын жол кире, жашоо жана суткалык чыгымдары катышуучунун өзү же анын уюму тарабынан төлөнөт.
Уюштуруу комитетиАбдылдаева Асель Жекшенбековна📞 +996 703 902 086
📧 iro@ism.edu.kg
Конференциянын материалдарын жарыялооКонференциянын материалдары
Eurasian Medical Journal илимий журналында жарыяланат. Макалалар журналдын талаптарына ылайык даярдалышы керек.
Авторлор үчүн талаптар:Толук маалымат:
https://eamj-ism.kg/for-authorsEURASIAN MEDICAL JOURNAL ЖУРНАЛЫНА МАКАЛАЛАРДЫ ЖАРЫЯЛОО БОЮНЧА ТАЛАПТАРEurasian Medical Journal журналында макала жарыялоо үчүн авторлор журналдын толук талаптары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга тийиш:
https://eamj-ism.kg/for-authorsТөмөндө негизги талаптар келтирилген.
Авторлор үчүн нускама:1. Жарыялоо тилиБардык макалалар англис тилинде даярдалышы жана академиялык жана илимий жазуунун жогорку деңгээлине жооп бериши керек.
2. Оригиналдуулук жана жарыялоо этикасы3. Берилген макала:- башка журналдарда кароодо болбошу керек;
- мурда жарыяланбаган болушу керек (конференциялык тезистерден тышкары);
- илимий этиканын жана адилеттүү жарыялоо принциптерине жооп бериши зарыл.
4. Макаланын түзүмүБиринчи бетинде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- макаланын аталышы;
- автор(лор)дун фамилиясы, кызмат орду, аффилиациясы жана байланыш маалыматы;
- кат алышуу үчүн жооптуу автордун дареги жана байланыш маалыматы (почта дареги, телефон, e-mail);
- көлөмү 200 сөзгө чейин болгон аннотация;
- JEL категориялары (O15, D12, I18, I10 ж.б.):
- https://www.aeaweb.org/econlit/jelCodes.php
- 5 ачкыч сөз (изилдөөнүн медициналык тематикасына ылайык терминдерди колдонуу сунушталат);
- эгерде изилдөө каржыланган же уюмдан грант алган болсо, бул ырастоо түрүндө көрсөтүлүшү керек.
5. Макаланын көлөмүМакаланын көлөмү 4000ден 8000 сөзгө чейин болушу керек, таблицалар, сүрөттөр, шилтемелер жана колдонулган адабияттар тизмеси кошо эсептелет.
6. Форматтоо талаптары:- шрифт: Times New Roman, өлчөмү 12, сап аралык интервал – 1,5;
- талаалар: ар бир тарабында 3 см;
- бардык формулалар жана белгилер терилген болушу керек;
- таблицалар жана сүрөттөр номерлениши керек, туурасы 12 смден ашпашы зарыл;
- бөлүмдөр иреттүү номерлениши керек (1., 1.1., 1.2., 2., 2.1., 2.2. ж.б.);
- шилтемелер негизги тексттин аягында алфавиттик тартипте жайгаштырылат жана текст ичинде автордун фамилиясы жана жарыяланган жылы менен көрсөтүлөт: (Civan, 2015) же (Kumar, 2008: 12–15);
- колдонулган адабияттар APA стили боюнча таризделиши керек (APA Style Guide);
- DOI: шилтемелер үчүн DOI колдонуу сунушталат.
7. Рецензиялоо процесси:a.
Модерациялоо: бардык макалалар адегенде редакция тарабынан каралат. Макала журналдын талаптарына ылайык келсе, эки көз карандысыз экспертке рецензиялоого жөнөтүлөт. Талаптарга жооп бербеген макалалар тышкы рецензиялоосуз кабыл алынбайт.
b.
Кош рецензиялоо: модерациядан кийин макалалар кош рецензиялоого жөнөтүлөт.
c.
Рецензиялоо мөөнөтү: адатта 3–4 ай.
d.
Редакциянын чечими: макала жарыялоого кабыл алынышы, четке кагылышы же авторго оңдоого кайтарылышы мүмкүн.
8. Жарыялоо төлөмдөрүМакалаларды тапшыруу, рецензиялоо жана жарыялоо акысыз жүргүзүлөт. Жарыялоо үчүн төлөм алынбайт.
9. Жарыялоо укуктарыМакала кабыл алынган учурда автор Eurasian Medical Journal журналына материалды жарыялоо укугун берет. Берилген иш оригиналдуу болушу, үчүнчү жактардын автордук укуктарын бузбоосу, мурда жарыяланбаган (аннотациялардан тышкары) жана башка журналдарда кароодо болбошу керек.
Макаланы тапшыруу тартибиДаяр макаланы төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек:
📧
eamjism@gmail.com Каттын темасында:
«Конференция-2026» деп көрсөтүү зарыл.
Каттын текстинде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- макаланын аталышы;
- авторлордун фамилиясы жана инициалдары;
- аффилиациялары;
- кат алышуу үчүн жооптуу автордун байланыш маалыматы.
Докладдардын аталыштарын, баяндамачылардын аты-жөнүн жана уюмдардын аталыштарын тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 15-марты.