Лим Евгения Федоровна
Кафедра башчысы, м.и.к., доцент
Урматтуу студенттер, ординаторлор жана жаш дарыгерлер! Сиздерди биздин кафедрабыздын баракчасында чын жүрөктөн тосуп алабыз.
Биздин кафедра – Кыргызстандын Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин эң жаш бөлүмү болуп эсептелет, 2021-жылдын март айында түзүлгөн. Биз менен бирге урология, травматология жана онкология сыяктуу маанилүү медициналык тармактардын негиздерин өздөштүрөсүздөр.
Бул үч багыттын ар бири өз алдынча өтө маанилүү клиникалык дисциплина болуп эсептелет.
Урология. Бул багыттагы адис эркектерди да, аялдарды да, ошондой эле балдарды да дарылоо менен алектенет. Уролог – өтө кеңири адистикти камтыган дарыгер. Анын иши негизинен заара чыгаруучу системанын ооруларына жана эркектердин репродуктивдик функциясына байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган.
Травматология. Бул медицинадагы маанилүүлүгү жана актуалдуулугу боюнча экинчи орундагы багыт. Травматолог – бул адамдын таяныч-кыймыл аппаратынын бузулууларын изилдөөчүү, дарылоочу адис. Бул адистикке болгон суроо-талап бүгүнкү замандын ыргагы, жашоо образынын өзгөрүшү жана физикалык жүктөмдүн көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Травматологиянын көп тармактуулугу талашсыз.
Онкология. Бул дүйнөлүк масштабдагы стратегиялык маселе, заманбап медицинанын артыкчылыктуу тармагы. Ал илимий технологиялардын эң жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерин камтыйт. Дүйнө жүзүндөгү миңдеген окумуштуулар рактын себептерин түшүнүүгө, аны алдын алуу жана дарылоонун жолдорун табууга умтулушууда. Бүгүнкү күндө медицина бул жаатта бир катар жетишкендиктерге жетишкенине карабастан, рак дагы да миллиондогон адамдардын өмүрүн алып жаткан оору бойдон калууда.
Биздин кафедрабыздын окутуучу курамы – өз тармагында ийгиликке жетишкен жаш, келечектүү окумуштуулар жана эң негизгиси, өз билимдери менен бөлүшүүгө даяр практик дарыгер-хирургдар.