Окуу-усулдук бѳлүм
Окуу-усулдук бѳлүм
Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде биз кафедраларыбыздын ар түрдүүлүгү жана жогорку иш стандарттары менен сыймыктанабыз, ар бири келечектеги адистерди даярдоодо чечүүчү роль ойнойт.
Субанбекова Гульнара Мырзабековна
Бѳлүмдүн башчысы
Окуу-усулдук бѳлүмү (ОУБ) - Эл аралык Жогорку Медициналык Мектептин структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуп саналат. Биздин бѳлүм 2003-жылы түзүлгѳн. ОУБ окуу процессин жогорку билим берүү программасы менен уюштуруп жана аны иш жүзүнѳ ашыруу, ѳнүктүрүү жана камсыздоо багытында ачылган. Бѳлүм окуу-тарбия иши боюнча проректордун карамагында иш алып барат.

ОУБ окуу процессин мерчемдѳѳ жана уюштуруу иштерин алып барат жана окуу жана окуу-усулдук иштердин нормативдик документтерин иштеп чыгат жана окуу процессине мониторинг жүргүзѳт.

Окуу-усулдук бѳлүм 3 секторду камтыйт:
  1. Усулдук иштер сектору – дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү программаларын мерчемдѳѳ жана иш жүзүнѳ ашыруу, кѳзѳмѳлдѳѳ ишин алып барат.
  2. Окуу процессин мерчемдѳѳ жана кѳзѳмѳлдѳѳ сектору – окуу процессин уюштурууну жана кѳзѳмѳлдѳѳнү ишке ашырат.
  3. Ѳндүрүштүк практика сектору – ѳндүрүштүк практиканы уюштурууну, ѳткѳрүүнү жана кѳзѳмѳлдѳѳнү жүргүзѳт.
Коллективдин биримдигин мүнѳздѳгѳн башкы белги максатыбыздын бүтүндүгүндѳ. Биздин максатыбыз – ЭАЖММда билим берүү процессин түздѳн-түз профессор-окутуучулардын катышуусунда мыктылоо.
Окуу-усулдук бѳлүм ѳз ишинде кафедралар менен ѳз ара тыгыз иш алып барып, кафедралардын окуу-усулдарын, уюштуруу-усулдук иштерин координациялоону камсыздап, ЭАЖММынын билим берүү процессин мерчемдеп, анализдеп жана кѳзѳмѳлдѳйт.
Баардыгыңыздарга астыга койгон максаттарга жетүүңүздѳргѳ жана жыйынтыктардан канааттануу алышыңыздарды каалайм.
Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
+996 312 65 36 94
academic_office@ism.edu.kg
Документтер Google Дисктиңе которулду.