Изилдѳѳлѳр

Заманбап дүйнѳдѳ илим кѳптѳгѳн тармактарга жана коомчулуктун жашоо аймагында бир кыйла салым кошуп келет

Эл аралык жогорку медициналык мектептин түзүлүшүнѳн баштап, илимий билим берүү мекемесинин жаңы генерациясы катары, Кыргызстан үчүн да Түштүк-Чыгыш Азия ѳлкѳлѳрү үчүн да эл аралык дарыгерлерди, илимий жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоочу борборго акырындан трансформацияланууда. ЭАЖММынын илимий ишмердүүлүгүндѳ артыкчылык, Кыргызстандын калкынын саламаттыгын ѳзгѳрүлмѳлүү климаттын шартында, айлан- чѳйрѳнүн таасиринде изилдѳѳ.

ЭАЖММынын түзүмдүк бѳлүмдѳрүндѳ профессор-окутуучулар курамы 218 штаттык жана 188 айкалыштыруучу болуп иштеген кызматкерлерден турат. ЭЖММынын кызматкерлери 2003-2020-жылдар аралыгында кандидаттык илимий жана докторлук илимий даражасын алуу үчүн 40 ашык илимий-изилдѳѳ иштери бекитилген. Жыл сайын эл аралык катышуучулар менен илимий практикалык конференциялар менен ѳтүлүп турат. 2000ден ашык илимий жана илимий-усулдук иштер жергиликтүү жан чет ѳлкѳлүк басылмаларда басылды. Ошондой эле 40 ашык монографиялар жана окуу куралдары Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарыяланды. ЭАЖММ ТЕМПУС жана ЕРАСМУСтун грантхолдери жана PhD докторантураны киргизүү боюнча сынактык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда.

ЭАЖММынын негизги илимий бѳлүгүнүн түзүмдүк бѳлүмдѳрү тѳмѳнкүлѳр:
  • Илимий-аналитикалык бѳлүм. Бѳлүм ЭАЖММынын профессор-окутуучулар курамынын жана студенттеринин илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүктѳрүн координациялоону, мерчемдѳѳнү жана уюштурууну иш жүзүнѳ ашыруу менен ошондой эле ЭАЖММынын башка илимий мекемелер, ЖОЖдор жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен болгон илимий-изилдѳѳ иштерин координациялайт.
  • Аспирантура сектору. (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ЭАЖММда Аспирантура ачуу боюнча 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1392/1 буйругу боюнча) Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программасынын негизинде: хирургия, педиатрия, жугуштуу оорулар, терапия, акушерлик жана гинекология, физиология, патологиялык физиология, жалпы саламаттык жана саламаттыкты сактоо боюнча адистерди даярдоону ишке ашыруу.
  • КР Жогорку аттестациялык комиссия. Диссертациялык кеңештер. Докторлук жана кандидаттык диссертацияны коргоо боюнча 2 диссертациялык кеңеш иштеп, тѳмѳнкү багыт боюнча иш алып барат: жугуштуу оорулар, гигиена, эпидемиология; физиология, патологиялык физиология; калыбына келтирүүчү медицина, спорт медицинасы, дарылоо дене тарбиясы, курортология жана физиотерапия.
  • “Евразия медициналык журналы” редакциясы
  • Редакциялык-басма кеңеши
  • Интеграцияланган илимий-изилдѳѳ борбору
  • Лабораториялар
Бѳлүмдүн кызматкерлери аспирантурага тапшыруу жана окуу шарттары, алдыңкы илимий басылмаларда макалаларын, окуу куралдарын жарыялоо сыяктуу илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүгүнѳ байланышкан маселелер боюнча иш алып барышат.

Изилдѳѳлѳрдүн негизги багыттары

• патогенезди үйрѳнүү, алдын-алуу усулдарын модернизациялоо, балдардын жана чоңдордун негизги ооруларын аныктоо жана дарылоо;
• дарылоонун усулдарын киргизүү жана иштеп чыгуу жана хирургиялык патологияны аныктоо;
• эндохирургиялык дарылоонун усулдарын киргизүү менен кѳкүрѳк, курсак жана жамбаш бѳлүгүндѳгү курч хирургиялык ооруларды аныктоону жана дарылоонун усулдарын мыктылоо жана иштеп чыгуу;
• жугуштуу оорулардын башталышын табуу жана аныктоонун усулдарын иштеп чыгуу жана киргизүү жана ошону менен катар микробиология жана иммунология жаатында изилдѳѳлѳр, патогенезди изилдѳѳ жана аныктоонун критерийлерин иштеп чыгуу жана инфектология жана эндокринологиядагы терапиянын майнаптуулугу;
• физиологияны изилдѳѳ жана молекулярдык-генетикалык жана популяциялык-генетикалык сферадагы патологиялардын байырлашы жана тукум кууган жана мультифакториалдык оорулардын ѳѳрчү коркунучун аныктоо;
• билим берүү процессинде жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле окутуу прооцессинде окулуп жаткан дисциплиналарда универсалдуу компетенциялардын теоретикалык негиздеринин түзүлүшү;
• коомдук саламаттык жана саламаттык сактоодогу актуалдуу маселелер;
• Кыргызстандын тѳмѳн-орто-жогорку тоолуу климатындагы («Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл» корпусунун шартында) студенттердин ыңгайлашуусунун патогенетикалык механизмдерин изилдѳѳ;

Бекитилген диссертациялык иштер
http://vak.kg/#/reestr

Аспиранттар үчүн маалыматтар

  • Аспиранттардын диссертациялык иштеринин темалары, илимий жетекчилери жана жеке окуу пландары ЖОЖдун илимий (илимий-техникалык) кеңешинин жана илимий уюму менен катар окуу башталган 3 айдын ичинде жетекчинин буйругу жол-жоболонушу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бекиткен Кыргыз Республикасынын илимдерин ѳнүктүрүүдѳгү артыкчылык багытындагы изилдѳѳ тизмесине ылайык, артыкчылыктуу изилдѳѳдѳгү диссертациялык темалар тандалып алынуу каралат.
  • Илимий уюмдардын аспирантура (адъюнктуралар) жана докторантура бѳлүмдѳрү жана ЖОЖдор жыл сайын илимий (илимий-техникалык) кеңештин бекиткен кандидаттык диссертациялык изилдѳѳлѳрдүн темасын электрондук форматта Жогорку аттестациялык комисссияга (ЖАК) андан ары ЖАК диссертациялык ишинин тизмесине темаларды киргизүү үчүн жѳнѳтѳт.
  • Аспиранттардын илимий жетекечилигине адистиги ылайыктуу же тектеш илимдин докторлору бекитилет. ЖОЖдун илимий (илимий-техникалык) кеңештин же илимий уюмдун чечими менен аспиранттарга илимий жетекчиликке адистиги туура келген илимдин кандидаттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Окумуштуулук даражаларды берүү тартибинин Жобосунун 2012-жылдын 22-августундагы №578 токтомуна ылайык тартыла алышат.
  • Бир убакытта бир илимий жетекчиге бекитилген аспиранттардын жалпы саны (изденүүчүлѳр) 5 адамдан ашпашы керек.
  • Эки адистиктин катнашындагы илимий изилдѳѳлѳрдү аткарган аспиранттарга эки илимий жетекчинин жетекчилиги астында иштѳѳгѳ уруксат берилет.
  • Илимий жетекчилер аспиранттардын бекитилген жеке окуу планын аткаруусун кѳзѳмѳлгѳ алат.
  • Аспирант жыл сайын кафедрага отчет (отдел, сектор, лабораторияга) берет. Аспиранттардын отчеттору окуу учурунда сакталат жана диссертациялык иш менен берилет. Аспирант, жеке окуу планын мерчемделген мѳѳнѳтүндѳ аткарбаса, илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен Аспирантурадан чыгарылат.
  • Аспиранттар тандап алган темасы боюнча илимий изилдѳѳлѳрүн ЖОЖдун же илимий уюмдун илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлериндей эле жабдыктар, лабораториялар, кабинеттер, китепканаларды жана иш сапарына, ошондой эле чет ѳлкѳлүк окууга жана илимий борборлорго, экспедицияларга ж.б. чыгууга жана пайдаланууга акылуу.
  • Аспиранттарды даярдоо программасына кандидаттык минимумдарды тапшыруу дисциплиналарынан сырткары «Педагогикалык чеберчилик мектептери» жана «Илимий изилдѳѳлѳрдүн методологиясы жана методу» дисциплиналары каралган. Аспирантураны бүтүү менен илимий чѳйрѳдѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен, талапка ылайык, ѳздѳштүрүлгѳн дисциплиналардын тизмеси, алган баалары, сааттардын кѳлѳмү, бирдей үлгүдѳгү ички барагы менен тизмектелген сертификаттар берилет.
  • Күндүзгү бѳлүмдѳ окуган аспиранттар жеке план аткаруу каралган шарттагы акы тѳлѳнгѳн илимий, педагогикалык иштерди аткарууга акылуу.
  • Илимий жетекчилердин акы тѳлѳмү, 2 илимий жетекчи бекитилүү мүмкүндүгү менен бир жылга бир аспирантка 50 саат кѳлѳмүндѳ каралуу менен тѳлѳнѳт.

Ѳнѳктѳш уюмдар

  • Кытай медициналык университети (Шэньян, Ляонин провинциясы, КЭР);
  • Кытай кардиологдор коому (Кытай);
  • Россия Илимдер адемиясынын Сибирь бѳлүмүнүн «Цитология жана генетика институтунун» Федералдык изилдѳѳ борбору (Новосибирск, Россия);
  • Россиянын ФМБМ ФИБ ФМБА алдындагы ЖОЖдон кийинки билим берүү академиясы (Москва, Россия);
  • Академик Ю.Н. Мешалкин атындагы Улуттук медициналык изилдѳѳ борбору (Новосибирск, Россия);
  • С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (Алматы, Казахстан);
  • Andijan State Medical Institute (Andijan, Uzbekistan);
  • Казак улуттук агрардык университети (Алматы, Казахстан);
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (Бишкек, Кыргызстан);
  • Кыргызстан Эл аралык университетинин «Алдын-алуу медицинасы» Илимий-практикалык ассоциациясы (Бишкек, Кыргызстан);
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (Бишкек, Кыргызстан);
  • КР УИА Тоо физиологиясы жана медицина институту (Бишкек, Кыргызстан);
  • Кардиохирургия жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдѳѳ институту (Бишкек, Кыргызстан);
  • Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту (Бишкек, Кыргызстан);
  • Ош Мамлекеттик университети (Ош, Кыргызстан).