Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн вазийпасы - гуманитардык, этикалык жана адеп-ахлактык принциптерге негизделген, жогорку эффективдүү билим берүү иш-аракеттерин жүргүзгөн кесипкөй адистердин командасын түзүү.
Бөлүмдүн максаты - кызматкерлердин потенциалын максималдуу колдонууга багытталган кадрдык ресурстарды өнүктүрүү стратегиясына жана пландарына ылайык, ЭАЖММнын персоналдарды башкаруу чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу.
Биздин баалуулуктар:Кесипкөйлүк, командалык рух, чыгармачылык, урматтоо, таануу, бай тажрыйба, муундардын уландысы.
Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн милдеттери:- Заманбап технологияларды киргизүү менен ЭАЖММдын атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатууга багытталган персоналдарды башкаруу тутумун түзүү;
- Билим берүү мекемесинин негизги максаттарына, кадрдык саясаттын конкреттүү багыттарына ылайык кызматкерлер менен иштөөнү уюштуруу;
- Маркетинг иш-аракеттери: ЭАЖММдин түзүмдүк бөлүмдөрүн тандоо, жалдоо, персоналды адаптациялоо жана штаттык камсыздоо;
- Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
- Кызматкерлердин ишкердик жана жеке сапаттарын баалоо тутумун ишке ашыруу;
- Кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү тутумун ишке ашыруу;
- Коллективде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана сактоо боюнча иш алып баруу;
- Жеке маалыматтарды жана кызматкерлердин документтерин эсепке алууну, талдоону жана сактоону автоматташтыруу.
Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн негизги функциялары:- ЭАЖММдын түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзгөн иш-аракеттер чөйрөсүндө кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн талдоо жана божомолдоо;
- потенциалдуу кызматкерлердин компетенттүүлүгүнө жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша баалоо критерийлерин аныктоо, тандоо жана адаптациялоо, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
- кызматкерлердин ишмердүүлүк натыйжалуулугун баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле баалоону уюштуруу, координациялоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
- персоналдын иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
- коллективде мотивация, социалдык коргоо жана эмгек тартибинин тутумун уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ.