ЭAЖММдын башкы корпусу ошондой эле «Борбордук кампус» аталуу менен ѳзүнүн жагымдуу эффективдүү окууга, достукка чакырган атмосферада болуу менен Бишкектин тынч жана жайлуу районунда жайгашкан.
Борбордук кампуста ЭAЖММынын административдик кызматкерлери жана жетекчилердин кызматтык жайлары ошондой эле ректор, проректорлор, бухгалтерия, эл аралык кызматташтык борбору, окуу-усулдук бѳлүмү, студенттер менен иштѳѳ бѳлүмү, билим берүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, дипломдон кийинки билим берүү бѳлүмү, административдик-чарбалык бѳлүм, кызматкерлерди башкаруу бѳлүмү, билим берүүдѳгү маалыматтык технологиялар бѳлүмү, мамлекеттик тил бѳлүмү жана башка бѳлүмдѳр жайгашкан.
Деканат 2 кабаттын оң блогунда жайгашып, билим берүү процессин кѳзѳмѳлдѳѳ менен студенттер кагылышчу ар түрдүү кѳйгѳйлѳрдү карашат.
Борбордук кампус ишенимдүү кайтарылып, окутуучулар менен студенттердин коопсуздугун камсыздайт. Студенттер башкы кампуста болуу менен ар кандай тейлѳѳ кызматтарына тѳлѳмдѳрдү банкоматтардан ишке ашыра алышат.
4 кабаттын сол блогунда табигый-илимдер кафедрасы жайгашуу менен химия, биология, физика, информатика жана малекулярдык биология боюнча сабактар ѳткѳрүлѳт. 5 кабаттын сол блогунда патология кафедрасы жайгашып, студенттер патофизиология, патологиялык анатомия жана сот медицинасы сабактарын окушат. Оң блокто ЭAЖММынын китепканасы жайгашкан.
ЭAЖММынын жертѳлѳ кабатында дарскана залы, студенттик кеңештин кабинети, вокалдык-инструменталдык музыкалык бий тобу жана эс алуу бѳлмѳсү жайгашкан. Андан сырткары имаратта студенттер үчүн кафетерий иштейт.
ЭАЖММнын Клиникалык симуляциялык борбору
Клиникалык симуляциялык борбору университеттин структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик медициналык билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлѳт.
Клиникалык симуляциялык борборунун түзүүнүн башкы максаты реалдуу клиникалык кырдаалды элестеткен жана виртуалдык тренажерлерду имитациялап окутуу учурунда заманбап каражаттарды колдонуу менен студенттердин профессионалдуу даярдоонун сапатын кѳтѳрүү, медициналык кѳндүмдѳрүн жакшыртуу жана ѳнүктүрүү.
Клиникалык симуляциялык борборунун негизги милдеттери болуп:
окуу процесссине инновациялык жогорку технологиялык окуу модулдарын (симулятор-фантомдор, виртуалдык тренажерлор, имитациялык окутуу каражаттары) ошондой эле симуляциялык окутуунун практикалык усулдарын киргизүү;
жогорку жана ЖОЖдон кийинки профессионалдык билим алуу адистиги боюнча бекитилген программага ылайык фантомдорду, тренажерлорду, имитациялык окутуунун каражаттарын колдонуу менен практикалык профессионалдык кѳндүмдѳрдү жогорку деңгээлде камсыздоо;
ЭАЖММынын студенттеринин практикалык даярдоо сапатын кѳтѳрүү, кескин кырдаалдарда ѳзүлѳрүнүн билимдерин практикалык кѳндүмдѳрүн колдоно билген, компотенттүү студенттерди даярдоо;
кырдаалдык тапшырмаларды аткарууда жана практикалык экзамендерди ѳткѳрүү негизинде пратикалык компетенттүүлүктү, сапатты түзүү жана майнаптуу кѳзѳмѳлдѳѳ;
практикалык профессионалдык кѳндүмдѳрдү окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн мыкты медициналык ЖОЖдордун практикаларын үйрѳнүү жана киргизүү;
жогорку медициналык билим берүүнү билим берүүнүн стандарттарына ылайык студенттердин профессионалдык билимин жана ѳздѳштүрүүсүн ѳнүктүүгѳ багытталган окуу-изилдѳѳ усулдук иштерди киргизүү;
Борбордун билим берүү жабдыктарына: манекендер, симуляциялык моделдер, медициналык тренажерлор кирет. ЭАЖММынын иштеп жаткан билим берүү программаларындагы имитациялык окутуу курсу киргизилген бардык клиникалык бѳлүмдѳрүн бул жабдыктар менен клиника камсыздайт.
Практикалык сабактар: «медициналык тез жардам», «медайым иши», «педиатрия», «анестезиология жана реанимация», «хирургия», «акушерлик жана гинекология» багытында жүргүзүлѳт.
Ишмердүүлүктѳгү негизги багыттар:
практикалык кѳндүмдѳрүн жогорулатуу жана студенттердин негизги практикалык кѳндумдѳрдү билишине жана ээ болушуна керектүү шарттар менен камсыздоо;
кыска мѳѳнѳттүү окуу-практикалык курстарды жана квалификациясын жогорулатуунун тематикалык циклдерин ѳткѳрүү жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн тутумуна катышуу;
Ѳнүгүүнүн артыкчылыктары:
ЭАЖММынын студенттерине, башка ЖОЖдордун студентерине билим берүү ишмердүүлүгүнүн кызыктыргычтык жана майнаптуулугун (курстар, мастер-класстар, олипиадалар) жогорулатуу;
симуляциялык окутуунун усулдарын жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу максатында россиялык жана чет ѳлкѳлүк коллегалар менен ѳз ара кызматташуу.
ЭАЖММ окуу жана морфология борбору
ЭAЖММынын борбордук кампусунан алыс эмес жерде морфологиялык борбор жайгашкан. Бул жерде макро жана микро анатомия, коомдук саламаттыкты сактоо кафедралары жайгашкан. ЭAЖММынын бул имаратында нормалдуу анатомия, системалуу анатомия, топографиялык анатомия, базалык гистология, системалуу гистология, эпидемиология, айлана-чѳйрѳ гигиенасы, микробиология, биоэтика, коомдук саламаттыкты сактоо, медицина тарыхы, биостатистика жаатындагы практикалык сабактар ѳтүлѳт.
Кампус кѳптѳгѳн жакшы жабдыктар менен жабдылган дарсканалардан жана лабораториялардан турган чоң заманбап имарат. Бул жерде анатомирдѳѳ жана практикалык манипуляция жүргүзүлѳт. Имараттын ички короосунда лабораториялык изилдѳѳлѳр үчүн орунжай бар.
Бул кампуста анатомия музейи, анатомирдѳѳ бѳлмѳсү, экзамен берүүчү компьютердик класс, китепкана жана ресурстук борбор жайгашкан.
ЭАЖММ "VEDANTA"медициналык клиникасы
Университеттин «VEDANTA» клиникасы борбордук кампустан түндүк-чыгышты кѳздѳй, Бишкектин борборунда жайгашкан. Клиника кѳп профилдүү адистештирилген борбор болуу менен ѳлкѳнүн жашоочуларына медициналык жардам кѳрсѳтүшѳт. Бул жерде хирургия бѳлүмү, коомдук медицина, неврология, гинекология, кардиология бѳлүмдѳрү, сакайтуу борбору, лаборатория жана операциялык блок жайгашкан. Бул мекемеде «Виртуалдык медицина клиникасы» аталыштагы, эң мыкты заманбап стандарттардын талабына ылайык жабдылган клиника ишмердүүлүгүн жүргүзѳт.
Университеттин «Веданта» клиникасы эл аралык стандарттарды сактоо менен сапаттуу медициналык жардам берүүнү камсыздоо принциптерине ылайык иш алып барат. Клиникада ЭAЖММынын профессор-окутуучулары жана тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенишет.
«VEDANTA» - ЭAЖММынын 2018 – 2021-жылдарга ѳнүгүү программасы алкагында ачылган университеттин биринчи клиникасы. Программага ылайык жакынкы убакыттарда университеттин эки кѳп профилдүү клиникасы Бишкек калаасында жана региондордо ачуу мерчемделген.
"VEDANTA" патология кафедрасынын окуу-клиникалык комплекси
Ачылууга даярдалган Веданта окуу-практикалык борбору «Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдѳѳ борборунун (БТОИИБ)» жанында жайгашып, бул медициналык мекеме менен тыгыз кызматташат. Борбордун базасында ЭАЖММынын патология кафедрасынын бир бөлүгү жайгашып, иш алып барат.
"VEDANTA" АКС кафедрасынын окуу-клиникалык комплекси
Веданта Плюс - бул белгилүү бир багыттар боюнча (офтальмология, ЛОР, стоматология ж.б.) медициналык кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген медициналык мекеме. Клиника - Веданта клиникалар тармагына кирет жана Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасы менен тыгыз байланышта иштейт. Клиниканын базасында ЭАЖММынын Атайын клиникалык сабактар кафедрасы ишмердүүлүгүн жүргүзѳт.
Ысык-Көл кампусу
ЭАЖММ "VEDANTA Issyk-Kul" МБ
Кененирээк
ЭАЖММ Issyk-Kul кампусу
Кененирээк
Кампустар (жакында)
ЭАЖММ Педиатрия кафедрасынын ОКК "Vedanta-Педиатрия"
ЭАЖММ Хирургиялык оорулар кафедрасынын ОКК "Vedanta-Хирургия"