Урматтуу студенттер, Акушердик жана гинекология кафедрасына кош келиңиздер!
Биз сиздердин кесиптик ишмердүүлүгүңүздөрдүн негизи боло турган билимдерди алуу жолунда сиздердин устаттарыңыз болгонубузга кубанычтабыз. Биздин максатыбыз-сиздерге теориялык билим берүү гана эмес, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында иштөө үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Аялдардын ден соолугуна кам көрө турган жогорку квалификациялуу адистер болууга жардам берип, дүйнө медицинасындагы жолуңуздарды жарык кылабыз. Биз сизге ийгиликтүү жана шыктандыруучу окутууну каалайбыз!
Биздин кафедра жөнүндө:
2003-жылы Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби уюшулгандан бери бириккен «Педиатрия жана акушердик жана гинекология» аталыштагы кафедра ачылган.
2022-жылы 1-февралда бөлүү жана өзгөртүүнүн натыйжасында өз алдынча “Акушердик жана гинекология” кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын башчысы болуп медицина илимдеринин доктору, профессор, саламаттыкты сактоонун отличниги – Виктория Турарбековна Рыскелдиева дайындалган.
- Профессордук-окутуучулар курамы өзүнүн педагогикалык квалификациясынын деңгээлин тынымсыз жогорулатууда, бардык окутуучулар клиникалык иштерди алып барышат жана кафедранын клиникалык базаларында – төрөт үйлөрүндө өз адистиги боюнча иштешет.
- Окуу процессинде окутуунун заманбап, инновациялык ыкмалары колдонулууда, практикалык сабактар жана лекциялар үчүн заманбап муляждар жана фантомдор кеңири колдонулат;
- Кафедрада илимий студенттик кружок иштейт, студенттер кереге кеңештерди өткөрүп, акушердик жана гинекология боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, макалаларды жарыялоодо.
Бүгүнкү күндө кафедранын жамааты келечекке тайманбастык менен караган, оригиналдуу илимий жана практикалык идеяларды иштеп чыгууга даяр эпкиндүү, ынтымактуу коллектив.