Бухгалтерия
Бухгалтерия
Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде биз кафедраларыбыздын ар түрдүүлүгү жана жогорку иш стандарттары менен сыймыктанабыз, ар бири келечектеги адистерди даярдоодо чечүүчү роль ойнойт.
Майрикова Мадина Искендеровна
Башкы бухгалтер
Биз сиздерди ЭАЖММнын бухгалтериясынын баракчасында кезиктиргенибизге кубанычтабыз!

Бухгалтериялык эсептѳѳ жана отчеттуулук бѳлүмү Эл аралык жогорку медициналык мектептин структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуп, негизги милдети ЭАЖММнын билим берүү уюму катары ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен мүлкүнүн сакталуусун кѳзѳмѳлдѳѳ, эсепке алуу жана отчёт иштерин жүргүзүү.

Бѳлүм мыйзамдардын чегинде иштеп жаткан мамлекеттик, социалдык бирдиктүү саясий рамканын алкагында ишмердүүлүк кылат жана тѳмѳнкү милдеттерди аткарат:
  • иштеп жаткан мыйзамдарды туура колдонууну камсыз кылуу менен финасылык-чарбалык ишмердүүлүктү камсыздоо;
  • муниципалдык бийлик органдары, калкты социалдык жактан коргоо жана менчигинин түрүнѳ карабай башка уюмдар менен ѳз ара биргеликте иш алып барууну камсыздоо;
  • уюмдун бухгалтердик эсептѳѳ, кѳзѳмѳлдѳѳ жана отчёттуулугун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • бухгалтердик каттоо боюнча маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү;
  • Бѳлүм ошондой эле каражаттарын жана материалдык баалуулуктардын максаттуу жумшалышына тыкыр кѳзѳмѳлдү камсыз кылат.

Биздин баракчабызга киргениңиздерге биз кубанычтабыз! Сизге керектүү маалыматтын баарын алдыңыз деп үмүттѳнѳбүз.
Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
+996 312 65 36 81
account_office@ism.edu.kg
Документтер Google Дисктиңе которулду.