Фунлоэр Рашид Исхарович
Бѳлүмдүн башчысы
Дарылоо бөлүмү — Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭАЖММ) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет жана анын негизги максаты — дарылоо иштерин уюштуруу жана координациялоо, ошондой эле студенттердин клиникалык даярдыгынын сапатын жогорулатуу.
Бөлүмдүн негизги милдеттери — клиникалык базалар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, студенттердин окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикасын уюштуруу, медициналык жардам көрсөтүү стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө, ошондой эле келечектеги дарыгерлерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу болуп саналат.
Дарылоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгү медициналык билим берүүнүн практикалык багытын бекемдөөгө, студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана аларды дарылоо-диагностикалык процесске активдүү катышууга багытталган.